БИШКЕК, 26-мар. – Sputnik. ШКУга мүчө мамлекеттердин ооруканалар альянсынын VIII Бишкектеги конференциясынын алкагында Россиянын Алмазов атындагы медициналык улуттук борбору менен Кыргызстандагы Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюлду.
Саламаттык сактоо министрлигинен аталган документке кол коюу эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, ишмердүүлүктү практикалык жактан координациялоо жаатындагы иштер камтылганын айтышты. Мындан сырткары, ар кайсы өлкөлөрдүн медициналык мекемелеринин ортосунда биргелешкен илимий долбоорлорду жана билим берүү программаларын ишке ашырууда маанилүү кадам болорун белгилешти.
Форум төрагалыктын "ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө бирге" деген урааны менен болууда. Анын алкагында Россия медицинасынын күндөрү да өткөрүлөт. Иш-чараны Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жана академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору уюштурууда.