БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга иш сапары менен барды.
Маалымат кызматы билдиргендей, өкмөт башчыны Шымкент шаарынын эл аралык аэропортунан Казакстандын премьер-министринин орун басары Жаслан Мадиев тосуп алган. Аэропорттун флагштокторуна Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилди.
Касымалиев иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына, ошондой эле Digital Qazaqstan – 2026 эл аралык санарип форумуна катышат.