БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 29 жаштагы бейтап бөйрөгүн алмаштырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бейтаптын бөйрөгү өнөкөт гломерулонефриттен улам иштебей калган. 12 ай бою программалык гемодиализде болгон жигитке бир тууган агасы донор болуп, операция акысыз жасалган.
"2024-жылдан бери мамлекеттин эсебинен 41 адамга бөйрөгүн алмаштыруу боюнча акысыз операция жасалган. Жалпысынан 2018-2026-жылдары борбордо 83 трансплантация жасалды", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик борбордун медициналык командасы өнөкөт бөйрөк илдеттери менен ооруган бейтаптарды туруктуу негизде кабыл алып, өлкөдө трансплантология багытын өнүктүрүү уланып жатканын белгиледи.