БИШКЕК, 26-март. — Sputnik. Борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунун курулушу азырынча ушундай болду. Ири масштабдагы долбоорду Кайрат Сейитказиев асмандан тарткан.
Спорт аянты быйыл августта ишке берилет. Баштапкы маалыматта стадион 51 миң адамга ылайыкталганы кабарланган. Анда эл аралык ири турнирлерди өткөрсө болот, ФИФАнын стандарттарына жооп берет.
Спорттук имараттын курамында 40 миң чарчы метр соода аянты да каралган. Ага дүйнөлүк бренддерди саткан дүкөндөр жайгашат. Түшкөн акча стадиондун керектөөлөрүнө жумшалат.