БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Юстиция министрлиги мамлекеттик органдардын билдирмелерин, чакырууларын жана башка эскертмелерин электрондук форматка өткөрүүнү сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документ мамлекеттик кызматты бюрократиядан арылтуу максатында иштелип чыккан. Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасын түзүү пландалууда, ал билдирүүнүн жөнөтүлгөнүн жана алынганын каттап турат.
Эгер техникалык мүмкүнчүлүк болбосо, билдирүүлөр SMS же электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.