Байсалов: Кыргызстан үчүн ШКУ өлкөлөрү менен кызматташуу өтө маанилүү

Борбор калаа ШКУга мүчө мамлекеттердин ооруканалар альянсынын VIII конференциясынын катышуучуларын тосуп алды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnuk. Кыргызстан үчүн Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрү менен кызматташуу өтө маанилүү. Бул туурасында минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов медициналык эл аралык форумда айтты.
Эске салсак, Бишкекте медицина боюнча эл аралык форум жана "Миррахимовдун окуулары" аттуу эл аралык илимий-конференция өтүп жатат.
"Биздин адистер — дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты адистер, алар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү тажрыйбаларды көз жаздымда калтырбайт. Албетте, бизге ШКУга мүчө өлкөлөр менен кызматташуу өтө маанилүү. Тез өнүккөн жогорку технологиялар, жасалма интеллект, санарип платформалар заманга бап келген ыкмаларды биргелешип өздөштүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Андан сырткары, медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат", — деди ал.
Бул иш-чарага чөлкөмдөгү жана башка мамлекеттердин алдыңкы окумуштуулары, дарыгерлери жана саламаттык сактоо тармагынын эксперттери чогулду.
ШКУга мүчө мамлекеттердин ооруканалар альянсынын VIII конференциясы Кыргызcтандын аталган уюмга төрагалыгынын алкагында өтүүдө жана ага мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин жолугушуусуна карата уюштурулган.
Форум төрагалыктын "ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө бирге" деген урааны менен болууда. Анын алкагында Россия медицинасынын күндөрү да өткөрүлөт. Иш-чараны Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жана академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору уюштурууда.
Бишкекте ШКУ жаштарынын Дельфи оюндары башталды. Видео