БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. АКШ коопсуздук кепилдиги үчүн Украинанын Куралдуу күчтөрүн Донбасстан алып чыгып кетүүнү талап кылууда. Бул туурасында Рейтер агенттиги кабарлаган.
Анын айтымында, Кошмо Штаттар Украинанын коопсуздук кепилдиктерин жогорку деңгээлде тактап, бекитүүнү сунуштаганы айтылууда. Бирок ал үчүн Киев аймактык бир нече маселеге макул болуп, Донбассты толук Россияга өткөрүп берүүсү шарт экени белгиленген.
Бирок Киев бийлигинин башчысы аскерлерин чыгарып кетер-кетпесин так айтпай, мындай кадам Украина менен Евробиримдиктин коопсуздугуна коркунуч жаратарын билдирген.
АКШнын президенти Дональд Трамп кесиптеши РФ лидери Владимир Путин менен Владимир Зеленский Украина боюнча келишим түзүш үчүн жолугушу зарылдыгын айткан. Мындан сырткары, Вашингтон украин жаңжалын жөнгө сала турган чекке жакындап калганын белгилеген.
Россия РФ менен АКШнын президенттери Аляскада бекиткен сөзүнө таянып украин кризисин жоюунун жолдорун табууга даяр экендигин бир нече ирет билдирген. Москва жаңжалды бүтүрүү үчүн анын алгачкы себептерин ачыктоо зарылдыгын, бирок бул Россиянын коопсуздугуна кедергисин тийгизбегендей болушу керектигин айткан.