БИШКЕК, 26-март. — Sputnik. АКШ президентинин администрациясы мунай баррелине 200 долларга чыгып кеткенден кийин эмне болорун жана анын кесепетин изилдеп, анализге алууда. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Ак үй баа 200 долларга чыкса экономикага зыяны кандай болорун карап жатат. Тагыраагы, жогорку жактагы аткаминерлер Иранга каршы согуштун ашыкча болуп кеткен сценарийинин кесепети тиет дешүүдө. Бир баррелдин 200 долларды чапчышы дүйнө экономикасын оңбогондой эле дендароо кылып коет", — деп айтылган маалымат булагына таянып жазылган макалада.
Ал мунайдын акыркы жолку кымбаттап кетишин караштырып, иликтөөгө алуу чыңалып турган мындай абалда жасалган кадыресе иш экендигин айткан. Себеби америкалык администрация "ар кандай кырдаалдар болуп кетсе, ага даяр турушу керектигин" эске салган.
Анткен менен ошол эле кишилер Иранга чабуул баштала электе эле АКШнын финансы министри күйүүчү майдан баасынын өсүшүнөн, экономиканын чөгөлөшүнөн кооптонгондугун айтып беришкен.
Учурда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө күйүүчү майдын баасы өсүп жатат. Перс булуңундагы мамлекеттерден дүйнөлүк рынокко мунай жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүнүн негизги жолу болгон Ормуз кысыгы бөгөттөлүп калды.