БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Жума күнү республиканын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 18…23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 22…27, Ысык-Көлдө 11…16, Нарын өрөөнүндө 10…15 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 24…26, Ош шаарында 25…27 градусту түзөт.