Гранттык мүмкүнчүлүктөр жана илим: студенттер менен окумуштуулар үчүн жаңы шарттар

Sputnik
«Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» долбоорунун алкагында Академиялык инновациялык фонддун гранттык сынагы жарыяланды. Бул демилге жогорку окуу жайларда билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, инновациялык окутуу ыкмаларын киргизүүгө жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Сынакка университеттер, окутуучулар жана жаш окумуштуулар катышып, билим берүү системасын жакшыртууга багытталган долбоорлорун сунуштай алышат. Гранттар жаңы технологияларды киргизүүгө, окуу программаларын жаңылоого жана билим берүү процессин заман талабына ылайык өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Башкысы долбоор коомдун пайдасына иштеши керектигин “Ачык кеп” программасынын мейманы Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» (КИВО) долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Расул Абазбек уулу билдирди.