Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
ШКУга мүчө мамлекеттердин ооруканалар альянсынын VIII Бишкектеги конференциясынын алкагында Россиянын Алмазов атындагы медициналык улуттук борбору менен Кыргызстандагы Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюлду. Саламаттык сактоо министрлигинен аталган документке кол коюу эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, ишмердүүлүктү практикалык жактан координациялоо жаатындагы иштер камтылганын айтышты. Мындан сырткары, ар кайсы өлкөлөрдүн медициналык мекемелеринин ортосунда биргелешкен илимий долбоорлорду жана билим берүү программаларын ишке ашырууда маанилүү кадам болорун белгилешти.
Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Эшперов айылындагы бала бакчанын директору Аида Жаныбекова "КМШнын мыкты мугалими" аталышындагы эл аралык сынакта жеңишке жетти. Ал 12-февралда биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн. Жыйынтыктоочу баскыч 24-мартта Астана шаарында болуп, анда Жаныбекова "КМШнын мыкты педагогу" деген наамга татыган. Сынак КМШ өлкөлөрүнүн мугалимдерин бириктирип, алардын кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө багытталган. Мугалим 20 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Ошондой эле ал социалдык тармактар аркылуу орус тилин окутуп, кеңири аудиторияга билим берип жүрөт.
ШКУга мүчө мамлекеттердин ооруканалар альянсынын Бишкектеги VIII конференциясында Россиядагы Алмазов атындагы медициналык улуттук борбордун башкы директору, академик, профессор Евгений Шляхто Мирсаид Миррахимов атындагы алтын медаль менен сыйланды. Аны М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Эралиев тапшырды. "Мурдатан эле билим берип, окутуп келебиз. Ноокастарыбыздын аман-эсендиги үчүн ар кыл изилдөөлөрдөн, долбоорлордон баш тартпай иштеп келе жаткан кесиптештеримдин ишенимин актайм деп ойлойм", — деген Шляхто. ШКУга мүчө мамлекеттердин ооруканалар альянсынын VIII конференциясы Кыргызcтандын аталган уюмга төрагалыгынын алкагында өтүүдө жана ага мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин жолугушуусуна карата уюштурулган. Форум төрагалыктын "ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө бирге" деген урааны менен болууда. Анын алкагында Россия медицинасынын күндөрү да өткөрүлөт. Иш-чараны Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жана академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору уюштурууда.
АКШ президентинин администрациясы мунай баррелине 200 долларга чыгып кеткенден кийин эмне болорун жана анын кесепетин изилдеп, анализге алууда. Бул туурасында РИА Новости жазды."Ак үй баа 200 долларга чыкса экономикага зыяны кандай болорун карап жатат. Тагыраагы, жогорку жактагы аткаминерлер Иранга каршы согуштун ашыкча болуп кеткен сценарийинин кесепети тиет дешүүдө. Бир баррелдин 200 долларды чапчышы дүйнө экономикасын оңбогондой эле дендароо кылып коет", — деп айтылган маалымат булагына таянып жазылган макалада. Ал мунайдын акыркы жолку кымбаттап кетишин караштырып, иликтөөгө алуу чыңалып турган мындай абалда жасалган кадыресе иш экендигин айткан. Себеби америкалык администрация "ар кандай кырдаалдар болуп кетсе, ага даяр турушу керектигин" эске салган.