Россия товар жеткирүүнү тастыктоочу СПОТ системасын киргизип жатат. Жаңы система 2026-жылдын 1-апрелинен 30-июнуна чейин тесттик режимде иштеп, 1-июлдан тартып толук күчүнө кирет.
Жаңы система Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн импорт иштеринин ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган. Россияга товар жөнөтүүдө эми экспорттоочулар жана импорттоочулар бир катар жаңы талаптарды аткарышы керек.
Кыргызстандагы экспорттоочулар тесттик мезгилде документтерди туура жана өз убагында даярдоого өзгөчө көңүл бурушу керек. Муну менен катар ЕАЭБге кирген мамлекеттер үчүн суроо жараткан да маселелер жок эмес. Анткени ЕАЭБдин техрегламентине ылайыктыштырылып товар экспорттолот.
Бирок аны Россия кабыл албаган учурда товар кайсы документтин негизинде артка кайтып келери жана айыл чарба азыктарынын түрлөрү боюнча да бир катар тактоо зарылдыгын “Спутниктен сүйлөйбүз” берүүсүндө “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директору Урмат Такиров белгиледи.