Жакынкы Чыгыштагы геосаясий кырдаал дүйнөлүк туризм рыногуна түздөн-түз таасир этип жаткан шартта, Кыргызстандын туристтик тармагы да бул өзгөрүүлөрдөн четте калган жок. Айрыкча, акыркы жылдары активдүү келе баштаган Перс булуңу өлкөлөрүнөн туристтердин агымы өзгөрөбү, жаңы сезонго даярдык, туристтик инфратүзүмдүн абалы жана чет өлкөлүк коноктор үчүн түзүлүп жаткан шарттар тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов айтып берди.