БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШ бере турган коопсуздук кепилдигинин ордуна Донбасстан аскер күчүн чыгарып кетүү сунушун четке какканын жар салды. Бул тууралуу ал Monde гезитине маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, Зеленский буга чейин АКШ Украина Донбасстан Куралдуу күчтөрүн чыгарып кетсе, коопсуздук кепилдиги берилерин убадалаганын билдирген болчу.
"Биздин Донбасстагы коргонуучу курулуштарыбыз коопсуздук кепилдигинин бир бөлүгү. Бир эле кепилдикти экинчисине алмаштырып отуруп калбашыбыз керек", — деди киев режиминин жетекчиси.
Россия Москва менен Вашингтондун буга чейинки сүйлөшүүсүнө таянып украин маселесин диалог аркылуу чечүүгө даяр экенин бир нече ирет эскерткен. Аляскадагы жолугушууда жаңжалдын түпкү себептерин жоюу камтылган.
АКШ президенти Дональд Трамп Зеленскийдин тынчтык келишимин түзүү ниети жоктугуна таң калганын айткан жайы бар. Америкалык лидер "Зеленский менен сүйлөшүү РФ президенти Путинге караганда кыйла оор" экенин белгилеген.