Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинада ВИЧ менен ооругандар өзүнчө полкко мобилизацияланып жатканы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Украинада ВИЧ менен ооруган адамдарды 425-өзүнчө чабуул полкуна (ОШП) мобилизациялоо уланууда. Бул тууралуу РИА Новости күч түзүмдөрүндөгү маалымат булагы билдиргенин жазды.
"ВИЧ менен ооругандар Украинада аскер кызматка жарактуу деп табылып, 425-өзүнчө чабуул полкуна мажбурлап мобилизацияланып жатат", — деп айтылат кабарда.
Маектеш ВИЧ менен ооруган аскерлерге фронт шартында медициналык жардам көрсөтүүгө тыюу салынганын кошумчалаган.
Киев бийлиги Украина Куралдуу күчтөрүндө кадр жетишсиздигине туш болууда. Аскер комиссариаттарынын кызматкерлери тарабынан мобилизацияга тийиштүү жарандарды күч менен кармоо фактылары көп учурда нааразычылыктарды жаратып келет. Интернетте күч менен мобилизациялоо видеолору кеңири тараган, анда аскер комиссариаттарынын өкүлдөрү эркектерди микроавтобустарга салып, айрым учурларда сабап жатканын көрүүгө болот.
Захарова: Украина курал сатылган ири хабга айланууда