УКМК: "Оргтехстрой" ишканасынын директору кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. УКМК "Оргтехстрой" ишканасынын эл аралык издөөдө жүргөн деген директорун кармаганын билдирди.
Комитеттен ал компаниянын негизги акционерлеринин бири жана ээси болуп турганда инвесторлорду атайылап адаштырган дешти.
"И.К. курулуш жүргүзгөнгө каражаты жетишсиз экенин билип туруп, компаниянын активдерин күрөө катары көрсөтүү менен инвестиция тарткан. Бирок ал көрсөткөн активдер мурда эле сатылып кеткен. "Кайталап сатуу" деп аталган бул схема жарандарга олуттуу зыян алып келген", – дешти УКМКдан.
УКМКдан иш жамааттык кайрылуулардан улам козголгонун билдиришти. 58 жаштагы И.К. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул ишке катыштыгы бар башка адамдарды таап-аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын айтышты.