Өкмөт цементке молекулярдык маркалоо киргизүүнү көздөөдө. Чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги мыйзамсыз товар жүгүртүүгө каршы күрөшүү максатында цементке молекулярдык маркалоо киргизүүнү көздөөдө. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Министрлик 1-июндан тарта цементти маркалоону, ал эми 1-декабрдан тарта маркаланбаган продукцияны сатууга тыюу салууну сунуштоодо. Документ продукцияны өндүрүү жана импорттоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле бюджетке салыктын түшүүсүн көбөйтүү максатында иштелип чыкканы белгиленген.
Маркалоо жергиликтүү цементке да, импорттук цементке да киргизилиши мүмкүн. Бул өзгөрүүлөрдүн чекене баага кандай таасир этери азырынча белгисиз.
Былтыр Казакстан жана Өзбекстандан 1,1 миллион тонна цемент импорттолгон. Ошол эле учурда жергиликтүү заводдон чыккан цементтин бир тоннасы 6,5 миң сом болсо, Казакстандан келген цемент орточо 1 800 сомго арзан сатылган.
Молекулярдык маркер цементтин курамына кошулуп, атайын жабдуу аркылуу анын кайдан чыкканын аныктоого мүмкүндүк берет. Бул учурда продукциянын сапаты өзгөрбөйт.
ЕАЭБде жүк ташуу кандай болуп жакшырары айтылды