БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Күйүүчү майдын кымбаттоосунан жана Ирандагы кырдаалдан улам АКШ президенти Дональд Трамптын рейтинги болуп көрбөгөндөй түшүп кетти. Бул тууралуу Reuters жүргүзгөн төрт күндүк сурамжылоого таянып РИА Новости жазды.
Маалыматта өлкө башчынын колдоо рейтинги 36 пайызга чейин түшүп, рекорддук төмөн деңгээлге жеткени айтылат.
"Бул — Трамптын Ак үйгө кайтып келгенден берки эң төмөн көрсөткүчү. Президенттик кызматка киришкенде рейтинги 47 пайыз болуп, өткөн жайдан бери 40 пайыздын айланасында кармалып келген", — деп жазылат кабарда.
АКШ менен Израиль Иранга каршы аскердик операциясын 28-февралда баштап, тараптар ошондон бери бири-бирине сокку уруп келет. Мындан улам күйүүчү майдын баасы асмандап кеткен.