БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку окуу жайлардын ректорлоруна коюлган талаптарды жумшартууну сунуштоодо. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Демилгенин максаты аталган кызматтарга жаш жана келечектүү адистерди тартуу экени белгиленген. Документтин негизги жоболорунун бирине ылайык, улуттук статусу бар ЖОЖдордун ректорлору үчүн илимдин доктору болуу милдеттүү эмес. Ошондой эле бардык университеттердин жетекчилери үчүн окумуштуулук наамы болушу керек деген талапты алып салуу сунушталды.
Долбоордун авторлору белгилегендей, заманбап жогорку окуу жайдын жетекчиси эң оболу стратегиялык ой жүгүртүүгө, башкаруучулук жөндөмдөргө ээ болуп, билим берүү тармагындагы мыйзамдарды жакшы билиши керек.