Небере-чөбөрөбүз карызга батат. Орбан Венгрияны тоноттурбай турганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан үгүт иштеринин алкагында элинин тонолушуна, акчасын Украинага жөнөтүүгө жол бербей турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Венгрияны согушка аралаштырбай коргоп кала алам, каржылык милдетин да көтөрүүгө кудуретим жетет. Венгрлерге тиешелүү, эл эмгеги менен жеткен нерсени коргойм. Силердин каракталып, акчаңардын Украинага жиберилишине жол бербейм", — деди Орбан.
Премьердин айтымында, эгер Брюссель болбой эле Киевге акча бөлө турган болсо, карыз европалыктардын балдарынын, неберелеринин мойнуна илинет.
Белгилей кетсек, Венгрияда парламенттик шайлоо ушул жылдын 12-апрелине белгиленген.
Акыйлашуунун кесепети: Орбандын кадамынан кийин Зеленскийдин абалы айтылды