БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясы 31-мартта аяктайт, бирок жыл соңуна чейин 083 медициналык маалым катсыз алмаштырууга болот.
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордон билдиргендей, акция аяктагандан кийин айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштырууга 1 389 сом төлөнөт.
Акциянын алкагында өлкө боюнча 335 миңден ашык жаран айдоочулук күбөлүгүн жаңылаганы кошумчаланды.