Эмнеге эт кымбаттап, мал арзан болуп жатат? Министрдин жообу

Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков ушу тапта эттин баасы эмне жогору болуп, бирок мал арзан сатылып жатканын түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, төрт ай ичинде 53 миң баш мал сыртка чыгып кеткен.
"Коңшу өлкөлөрдө уйдун эти 1 400 сомго чейин сатылууда. Чет элдиктер өлкөдөн малды арзан ташып кетип жатат, андан биздин ишкерлер пайда көргөн жок", — деди министр УТРКнын "Диалог" берүүсүндө.
Акунбеков 10 кластер түзүү үчүн 1,5 миллиард сом каралып жатканын кошумчалады.
Кыргызстан мал жана мал чарба продукциясынын импортуна чектөө киргизет