БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Европа биримдиги май айынан тарта Кыргызстандан эл аралык каттамдар боюнча авиациялык чектөөлөрдү алышы мүмкүн. Бул туурасында өкмөттөн кабарлашты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евробиримдиктин авиация коопсуздугу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Питер Соренсен жана уюмдун Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфлону кабыл алган.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, жолугушууда Кыргызстандын авиакомпанияларын "кара тизмеден" чыгаруу маселеси талкууланган.
Касымалиев Жарандык авиация агенттигинин түзүлүшү менен көзөмөл күчөтүлүп, эл аралык стандарттар киргизилгенин белгиледи. Акыркы жылдары жүргүнчүлөрдүн саны 3,9 миллиондон алты миллионго жеткен. Каттамдар 34 миңден 52 миңге чейин көбөйгөн. Кыргызстандагы бардык 11 аэропорт жаңыланып, эки Airbus A321 учагы алынганын конокторго айтып берген.
Питер Соренсен акыркы чечим май айында ЕБ комитетинин жыйынында кабыл алынарын кошумчалаган.