БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги 1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлыгы эки эсе көтөрүлөрүн эске салып, кайсы медик канча акча ала баштаарын тактады.
Колго ала турган сумма төмөнкүдөй:
окуу жайды жаңы бүткөн дарыгерлер — 33 683 сом (азыр 15 миң сомдун тегерегинде);
жогорку категориядагы врачтар — 44 988 сом (22 271 сом);
I категориядагы врачтар — 41 219 сом (19 332 сом);
II категориядагы врачтар — 39 683 сом (17 739 сом);
жогорку категориядагы медайымдар — 36 134 сом (15 490 сом);
орточо стаждагы медайымдар — 25 668 сом (11 490);
медайымдар — 27 488 сом (9 575 сом);
кенже медкызматкерлер — 19 284 сом (9 152 сом).