БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Вашингтон Тегеранга жаңжалды токтотуу боюнча 15 пунктудан турган планын берип жибергенин New York Times аткаминерлерге таянуу менен кабарлады.
"Кошмо Штаттар Иранга Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотуу боюнча 15 пунктудан турган планын берди. Бул Трамп администрациясынын абалдан чыгуунун жолун табууга дилгирлигин айгинелейт", — деп айтылат макалада.
Басылма мындай кадам Иранга кол салуунун экономикалык кесепетин жоюу максатында кабыл алынганын белгилеген.
Мындан тышкары, план Ирандын ракеталык жана өзөктүк программасы баш болгон коопсуздук жаатындагы бир катар маселелерди камтый турганы айтылды. Ормуз кысыгы баштаган деңиз жолдорунун коопсуздугун калыбына келтирүү өзүнчө пункт болуп жазылган.
Тараптарга Пакистан ортомчу болууда. Ал арада Axios Ирандын расмий өкүлдөрү мурунку кылыктарынан улам Вашингтонго ишенбей турганын айттырып жибергенин жазды.
Эскерте кетсек, АКШ менен Израиль Иранга каршы аскердик операциясын 28-февралдан бери улантып келе жатат. Эки жак тең бири-бирине сокку урууда. Буга чейин Трамп Ормуз кысыгын ачтыруу үчүн Ирандын Харк аралын басып алууга даяр экени айтылган.
Дүйшөмбү күнү америкалык лидер Вашингтон менен Тегеран сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Пентагонго беш күнгө чейин сокку урбай турууну тапшырганын билдирди. Деген менен Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф эч кандай сүйлөшүү болбогонун, фейк маалыматтар рынокту калчоо үчүн кодлонулуп жатканын айткан.