Азыркы учурда дүйнө жүзүндө биологиялык коркунучтар адамзаттын коопсуздугуна олуттуу таасир тийгизген маанилүү маселелердин бири болуп эсептелет. Жугуштуу оорулардын тез таралышы, жаңы патогендердин пайда болушу жана биологиялык агенттерди атайылап колдонуу мүмкүнчүлүгү мамлекеттерден күчтүү көзөмөл системаларын талап кылат. Мындай шартта биологиялык коркунучтарды мүмкүн болушунча эрте аныктоо жана алдын алуу коомдук саламаттыкты сактоонун негизги багыттарынын бири болуп калды.
Ошондуктан Кыргызстанда биологиялык коркунучтарды эрте аныктоо боюнча жаңы система түзүлүүдө. Бул механизм жугуштуу ооруларды жана башка биологиялык тобокелдиктерди алдын ала аныктап, алардын жайылышын алдын алууга жардам берет деп күтүлүүдө. Жаңы система кандай иштеп, өлкөнүн коопсуздугуна кандай салым кошот?
Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда кеп кылдык.