Акыркы жылдары миңдеген кыргызстандыктар жакшы жумуш издеп Россияга кетип жатышат. Эмгек миграциясы көптөгөн үй-бүлөлөрдүн киреше булагы болуп калганына карабастан, мигранттар ар кандай кыйынчылыктарга жана тобокелчиликтерге да туш болуп келишет. Кыргыз-Россия мамилелери союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүгүп жатат. Бирок миграция маселеси эки тараптуу күн тартибиндеги эң актуалдуу темалардын бири бойдон калууда. Биз Россиядагы кыргызстандыктардын учурдагы абалы, көзөмөл реестри жана кара тизмеге кирип калуунун себептери, мыйзамдашуудагы кыйынчылыктар жана өлкөгө кирүүнүн жаңы эрежелери тууралуу сөз кылдык.