Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн берилген жер тилкелерин сатып алуу тартиби жаңыртылат. Анын негизинде жер тилкелерин сатып алуу процедураларынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, арыздарды кароо мөөнөтүн кыскартуу, Бишкек шаарынын бюджетиине түшкөн кирешелерди көбөйтүү жана муниципалдык турак жай фондун толуктоо маселелери чечилет. Ошондой эле курулуш секторундагы көйгөйлөрү, ЕАЭБдеги тармактын абалы тууралуу Кыргызстандын куруучулар бирикмесинин төрагасы Чолпонбек Акматов айтып берди.