БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен жүрбөгөн сүйлөшүүлөргө жамынып, Жакынкы Чыгышка аскерин жайгаштырууда. Мындай пикири менен кипрдик журналист Алекс Христофору YouTube каналындагы эфиринен бөлүшкөнүн РИА Новости жазды.
"Трамп көнгөн адатынча сүйлөшүүлөр тууралуу айтып, элди алаксытып жатат. Өзү ал арада аскерин жөнөтүүдө. Элдешмекчи деп Зеленскийди канча жолу сызга отургузду", — деген серепчи.
Журналисттин айтымында, "сүйлөшүү" америкалык лидерге Иранга кургактан чабуул жасоого даярдануу үчүн гана керек.
Кечээ Fox News кабарчысы АКШнын кургактагы аскеринин 82-аба-десанттык дивизиясы Жакынкы Чыгышка жөнөө буйругун алганын ачыктаган.
Белгилей кетсек, Трамп Рубио, Вэнс, Уиткофф жана Кушнер болуп Иран делегациясы менен жолугуп жатканын белгилеген. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр жекшембиде жанданып, Тегеран абалды жөнгө салууга ынтызарлыгын билдирген. Ал эми Ирандын парламент төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф эч кандай сүйлөшүү жүрбөгөнүн, фейк маалыматтар рынокту калчоо үчүн колдонулуп жатканын айтты.
АКШ менен Израиль Иранга каршы аскердик операциясын 28-февралда баштаган. Анын кесепетинен имараттар кыйрап, жай тургундардын каза болгону кабарланды. Тегеран жооп иретинде Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскер базаларына сокку урууда.