БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинага берилчү 90 миллиард евролук насыя боюнча Европага таасир эте албай жатканына жаалданууда. Бул туурасында кипрлик журналист Алекс Христофору YouTube каналындагы эфир учурунда айткан. youtube.
"Европа азыр Брюссель менен Зеленскийдин демилгелерине билгичтик менен бөгөт коюп жаткан Венгрияга барып такалды. Мындай көрүнүш Зеленскийдин жанын кашайтып жатат, себеби Киевде ал-күч да, убакыт да калган жок. Бул — бийликтин отко түшкөн учуру", — деген ал.
Эксперттин пикиринде, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан ири алдыда Будапешттин кызыкчылыгын коргоп жатканын жана Киевдин каалоосун аткарууга милдеттүү эместигин Зеленский эсинен чыгарып коюп жатат.
Эскерте кетсек, Киев январдын аягынан баштап "Дружба" мунай түтүгүнөн отун өткөрбөй калган. Венгрия 18-февралда Украинага дизелдин ташылышын токтотуп, 20-февралдан тарта Евробиримдиктен келчү 90 миллиард евролук насыяны бөгөттөп койгон.
Өлкө ТИМинин жетекчиси Петер Сийяртонун айтымында, мындай кадам Киев режиминин опузасына байланыштуу жасалды. Украина саясий себептерден улам россиялык мунайдын "Дружба" аркылуу өтүшүнө бут тосуп, Будапештти энергетикалык кризиске кептеп, апрелде өтчү шайлоого таасир этүүгө умтулуп жатканы белгиленген.
Альметьевскиден башталган "Дружба" түтүгү Брянскиден өткөндөн кийин тарап кетет: Украина аркылуу Венгрияга, Словакия жана Чехияга бөлүнөт, ал эми Беларустун аймагы менен Польша жана Германияга жетет.