Ошто турак жай курулчу мурдагы көрүстөндүн ордуна 1300 көчөт отургузулду

Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы мурдагы көрүстөндүн ордуна 1 300 түп көчөт отургузулду. Калаа бийлиги долбоордун негизги максаты шаардагы экологиялык абалды жакшыртуу экенин белгиледи.
Шаар башчысы Жанар Акаев Ошто жашыл аймактардын жетишсиздигин белгилеп, мындан ары шаарды үзгүлтүксүз жашылдандыруу негизги багыттардын бири болорун билдирди.
"Бул аймакта мурда көрүстөндүн үстүнө турак жай куруу аракеттери болгон экен. Биз мындай мыйзамсыз иштерди өз убагында токтоттук. Анткени көрүстөндүн үстүнө көп кабаттуу турак жай курууга мыйзам жол бербейт. Азыр бул жерди мыйзам талаптарына ылайык иретке келтирип, жашыл зонага айландырып жатабыз", — деди ал.
Экология министри Акыл Токтобаев "Жашыл мурас" программасынын алкагында быйыл өлкө боюнча 9 миллион бак отургузуу пландалып жатканын кошумчалады.
Касымалиев Таласта салынып жаткан 9 объектинин курулушун көрдү. Сүрөттөр