БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя азыркы украин бийлиги тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кызыкдар эместигин уюмдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.
"Киев бийлигинин адамдардын азабын азайтуу үчүн тынчтыкты орното турган сүйлөшүүлөргө, ал тургай кадимки эле гуманитардык кадамдарды таштоого кызыкдар эместиги даана байкала баштады", — деди ал.
Россиянын атайын операцияда жана сүйлөшүүлөрдө коюлган максаттарга дипломатия жолу менен жетсек деген ою бар экенин кошумчалады.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү төмөнкүлөргө токтолду:
Зеленский көңүл Украинадан башка тарапка бурулуп кеткенине таң калууда. Ал өз элине кам көрүүнүн ордуна Батышка өзүнүн пайдалуулугун көрсөтүүгө аракет кылып жатат;
украин бийлиги тынчтык сүйлөшүүлөргө баш койбогондугунан улам жакында абалды жөнгө салуунун жаңы шарттарына туш болот;
Киев бийлигинин террордук чабуулдары басаңдабай жатат, жай жарандарды аткылоо Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аң-сезимдүү эле тактикасы болууда;
2022-жылдын февралынан бери Украина армиясынын чабуулунан кеминде 27,5 миң бейкүнөө адам жабыркаган.