БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Россиянын элчиси Сергей Вакунов менен жолукканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тараптар коопсуздук жаатында дүйнөдөгү абал боюнча пикир алмашып, Кыргызстан менен Россиянын кызматташуу маселелерин талкуулашкан.
Орозбеков менен Вакунов эки өлкө ортосундагы азыркы мамиле Кыргызстандын да, Россиянын да кызыкчылыгына төп келерин белгилеп, мындан аркы өнүгүүгө, тынчтык үчүн жаралган кооптуулуктарды жоюуга шарт түзөрүн айтышты.