БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Колумбиянын Аскер-аба күчтөрүнө таандык Hercules учагы кырсыктап, 66 киши каза тапты. Бул туурасында Caracol радиостанциясына таянып РИА Новости жазды.
Алгач көз жумгандардын саны 48 киши экени айтылган.
"Пуэрто-Легисамодогоу аба кырсыгынан 66 аскер көз жумаганы тастыкталды. Алардын 58и Улуттук армиянын, алтоо Колумбиянын Аба-космостук күчтөрүнүн, экөө Улуттук полициянын кызматкерлери", — деп айтылат маалыматта.
Caracol учактын ичинде 128 киши болгонун кошумчалады. Өлкөнүн Аскер-аба күчтөрү C-130 аскердик-транспорттук учагы Пуэрто-Легисамо районунда кулаганын кабарлаган эле. Азырынча бул апаат эмнеден келип чыкканы так айтыла элек.