Апрелден тарта электр жарыгына чектөө алынат

Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. 1-апрелден тарта электр энергиясына киргизилген чектөөлөр алынат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайышына байланыштуу эртең мененки жана кечки жогорку жүктөм сааттарында киргизилген кубаттуулук чектөөлөрү толугу менен алынат.
Буга чейин электр энергиясын керектөө эң жогору болгон убакыттарда — таңкы саат 06:00дөн 09:00гө чейин жана кечинде 18:00дөн 22:00гө дейре, бир фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 5 киловаттан 3 киловаттка, үч фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 8 киловаттан 5 киловаттка чейин түшүрүлгөн.
Бишкекте жылуулук менен ысык суу качан өчүрүлөрү маалым болду