Чүйдүн айылында машина сүзүп, кыз каза болду. Жүрөк үшүткөн видео

Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Чүйдүн Москва районунда айдоочу жөөлөр өтчү жерден окуучуну сүзүп, ал кыз каза болуп калды. Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты.
Интернет айдыңына жүрөк үшүткөн окуянын кандай болгону жарыяланды.
Автокырсык 23-мартта аталган райондогу Садовое айылында болгону маалымдалды. Машина уруп кеткен секелек оор жаракаттан улам набыт болду.
Автоунаа аласалып барып, стелага такалган. Бишкектеги автокырсыктын чоо-жайы