Бишкекте ШКУ жаштарынын Дельфи оюндары башталды. Видео

Бишкекте ШКУнун жаштарынын Дельфи оюндары өтүүдө.
Sputnik
Шаар башчысы Айбек Жунушалиевдин айтымында, Кыргызстан бул сынактарга 2002-жылдан бери катышып келет. Ал эми оюндарды республика 2022-жылдан тарта өткөрө баштаган.
"Оюнга тогуз өлкөдөн 300дөн ашуун бала катышууда. Аймактардан келгендерди кошкондо катышуучулардын саны 700гө чамалап барат. Алар фортепианодо, элдик аспаптарда ойноо, сүрөт тартуу, элдик жана эстрадалык ырларды аткаруу, диджейлик кылуу, көркөм кол өнөрчүлүк боюнча таймашат. Иш-чара 23-28-март күндөрү өтөт", — деди ал.
Мэр мындай ири иш-чаралардын өткөрүлүшү мамлекет менен борбор калаанын өнүгүү деңгээлин көрсөтүп турарын белгиледи.