БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы "Антикинолордо" мыйзам бузуулар аныкталганын Бишкек ШИИББи маалымдады.
Шаардык милиция 20-21-март күндөрү "Антикино" катары иш алып барган жайларга рейд жүргүзгөн. Ага мындай жайларда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн өз алдынча көзөмөлсүз жабык кабиналарда жалгыз калуусуна шарт түзүлүп жатканы, ошондой эле келүүчүлөрдүн жашын тиешелүү түрдө текшербестен чоңдорго арналган (+18) интернет-контентке чектөөсүз жеткиликтүүлүк берилип жатканы тууралуу маалымат негиз болгон.
Рейддин жүрүшүндө шаар аймагындагы ондогон объектилер текшерилди. Мындай жайлардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана токтотуу боюнча иштер улантылары кошумчаланды.