БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Орто-Сай" базарын текшерүүдөн кийин үч аткаминерди иштен алды. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалымдалгандай, базардын аймагы жыл бою көрктөндүрүлгөн, бирок жооптуу кызматкерлер ишти жетиштүү көзөмөлдөбөй таштап коюшкан. Натыйжада кайрадан башаламан соода жанданып, буга шаар мэри нааразы болгон.
Калаа башчысы Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиевди, анын биринчи орун басары Майрамбек Адылбековду жана мэриянын уюштуруу-көзөмөл иштери башкармалыгынын башчысы Кубандык Акматбековду кызматтан бошотту. Жаңы аким болуп мурда "Тазалыкты" жетектеген Жолдош Чуштуков дайындалды.
Ошондой эле вице-мэрлер Азамат Кадыров менен Рамиз Алиевге эскертүү берилди. "Шаардык жол-транспорт инфраструктурасы" ишканасынын башчысы Бакай Асылбек уулуна жана Муниципалдык инспекциянын жетекчиси Мирлан Таалайбековго сөгүш жарыяланды.