Баткенде бирөөнүн үйүн тоногон киши Бишкекке жөнөп жаткан жеринен кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Баткендин Сүлүктү шаарында бирөөнүн үйүн тоногон киши Бишкекке жөнөп жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Тартип сакчылардын айтымында, окуя 22-мартта болгон. 55 жаштагы киши милицияга кайрылып, үйүнөн 1 480 000 сом уурдалганын айткан.
Аталган факт Сүлүктү ШИИБдин электрондук журналына катталып, кылмышка шектүү Н.С. аттуу адам Бишкек шаарына жөнөп жаткан жеринен, автобекеттен кармалган.
“Шектүү уурдалган акчаны арыз ээсине толугу менен кайтарып берди. Тергөө уланууда”, — деп айтылат маалыматта.
20 млн. сомдук зыян. ИИМ Бишкектеги ири алдамчылык схемасын ачыктады