Амангелдиев менен Оверчук кызматташтык маселелерин талкуулашты

Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук видеоконференция форматында сүйлөшүштү.
РФ өкмөтүнүн маалымат кызматы билдиргендей, тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын негизги маселелерин талкуулашкан. Алар өз ара соода жана инвестициялар туруктуу өнүгүп жатканын, ошондой эле мамилелерди мындан ары кеңейтүүгө мүмкүнчүлүктөр кеңири экенин белгилешти. Мындан тышкары, учурда Россияда каралып жаткан мыйзам демилгелерине өзгөчө көңүл бурулду.
"Россия жана Кыргызстан бардык негизги багыттар боюнча кызматташтыктын туруктуу өнүгүшүн көрсөтүүдө. Биздин милдет — элдерибиздин кызыкчылыгы үчүн өз ара сооданын, инвестициялардын жана кооперациянын мындан аркы өсүшүн камсыз кылуу", — деп белгиледи Оверчук.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ЕАЭБ алкагындагы биргелешкен иштин артыкчылыктуу багыттары да каралды. Эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун аракеттерин мындан ары да координациялоонун маанилүүлүгү, ошондой эле улуттук экономикаларды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн ЕАЭБ механизмдерин активдүү пайдалануу зарылдыгы баса белгиленди.
Кыргызстан алтындын кору боюнча ЕАЭБде алдыңкы орунда турат