25-мартка карата аба ырайы

25-мартка караган түнү айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. 25-март, шаршембиде, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +17...+22, Талас аймагында +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +19...+25, Ысык-Көл жергесинде +12...+17, Нарын өрөөнүндө +7...+12 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +20...+22, Ош шаарында +22...+24 градуска чейин көтөрүлөт.
Апрелден тарта электр жарыгына чектөө алынат