Кыргызстанда ажырашуулардын саны жыл сайын өсүп, 2025-жылы тарыхый максимумга жетти. Бул көрүнүш жөн гана статистикалык көрсөткүч эмес, коомдогу үй-бүлөлүк мамилелердин өзгөрүп жатканын айгинелеген олуттуу белги болуп калды. Серепчилер бул тенденциянын артында социалдык, экономикалык жана маданий факторлор турганын белгилешет. Ажырашуунун көбөйүшү бир жагынан жарандардын тандоо эркиндигинин кеңейгенин көрсөтсө, экинчи жагынан үй-бүлө институтунун алсырап бара жатканынан кабар берет.
Биз “Көз мончок” уктуруусунда ажырашуулардын негизги себептери жана анын коомго тийгизген кесепеттери тууралуу сөз кылдык.