Кыргызстанда кайрылууларга жооптор онлайн форматка өтөтБылтыр окуучулар арасында кургак учуктун өсүшү байкалдыКасымалиев Таласта салынып жаткан 9 объектинин курулушун көрдүМинистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна барып, калаада салынып жаткан социалдык объектилердин курулуш ишин көрдү. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда, алгач минкаб башчысы Талас шаарында 6,5 гектар аянтка курулуп жаткан "Баластан" балдардын оюн-зоок борборунун курулушун көрүп чыккан. Аны Турукташтыруу фонду жана Талас облусун өнүктүрүү фонду каржылоодо."Андан соң Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасынын ишмердүүлүгүн көрдү. Оорукана бүгүнкү күндө үч жерде жайгашып, дарыгерлер бөлүмдөн бөлүмгө чуркап дары-дармек, тамак-аш жеткирүү көйгөй жаратып, күйүүчү майга кеткен каражат өсүп жаткандыктан бир жерге заманбап 300 орундуу оорукана куруу зарылчылыгы туурасында айтып беришти. Минкаб башчысы аталган маселени чечүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле Касымалиев "Эне жана баланын ден соолугун коргоо" программасынын алкагында курулуп жаткан 63 орундуу перинаталдык борбордун, борбордук стадиондун курулушун да көрүп чыкты. Стадион ушул жылы Эгемендүүлүк майрамына карата ишке берилет.
Рустам Балтабаев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. Ведомстводон маалымдашкандай, министрдин жаңы орун басары агроөнөр жай комплексинде тажрыйбалуу жетекчи катары белгилүү. Ал буга чейин Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору болуп эмгектенип, тармакты өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырган. Жаңы кызматында ал кайра иштетүү, органика жана экспорт багыттарында иш алып барат.
Кыргызстанда жарандардын кайрылууларын кароо тартиби боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып, документ коомдук талкууга чыгарылды. Негизги өзгөрүүлөр:Мамлекеттик органдардын жооптору негизинен электрондук форматта берилет Электрондук кайрылууларга жооп электрондук түрдө гана жөнөтүлөт Бирок жаран атайын сураса, жоопту кагаз түрүндө почта аркылуу алса болот Ошондой эле мыйзам долбоорунда: Маморгандар жаран кайрылган формада жазуу жүзүндө же электрондук түрдө жооп берүүгө милдеттүү Бул өзгөртүүлөр ишти оптималдаштырууга, убакытты үнөмдөөгө жана чыгымдарды азайтууга багытталган Пайдасы: Кагаз жана почта чыгымдары кыскарат Жоопторду алуу ылдамдайт Мамлекеттик кызматкерлердин жүгү азаят Экологияга болгон таасир төмөндөйт Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкуу үчүн жайгаштырылды.
2025-жылы Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында кургак учук менен ооругандардын санынын өсүшү байкалган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров билдирди. Анын маалыматы боюнча, 2024-жылы өлкө боюнча 145 өспүрүм кургак учук менен ооруган болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 156ны түзгөн. "Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча өспүрүмдөр арасында оорунун өсүү тенденциясы байкалууда. Бул маселе көптөгөн эл аралык конференцияларда көтөрүлүп, саламаттыкты сактоо өкүлдөрү менен окумуштуулар муну өспүрүм курактагы эндокриндик жана иммундук системанын кайра түзүлүшү менен байланыштуу деген жыйынтыкка келишти. Биз билгендей, ооруну жуктуруп алуу коркунучуна бардык адамдар, өзгөчө иммунитети начарлар дуушар болушат", - деп түшүндүрдү Абдуллаат Кадыров.