Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат

Sputnik
Кардиология тармагында жүрөк-кан тамыр ооруларын аныктоо жана алардын түрлөрү медицинада актуалдуу маселеге айланды. Акыркы жылдары мындай оорулардын жаштар арасында көбүрөөк кездеше башташы адистерди тынчсыздандырууда. Дарыгерлердин айтымында, туура эмес тамактануу, кыймылдын аздыгы, стресс, ашыкча салмак жана зыяндуу адаттар жүрөк ооруларынын эрте пайда болушуна себеп болууда.
Ошондой эле жүрөк ооруларын өз убагында аныктоо үчүн заманбап диагностикалык ыкмаларды колдонуу, профилактикалык текшерүүдөн өтүп туруу маанилүү.“Спутниктен сүйлөйбүз” программасынын алкагында кардиолог, функционалдык дарттарды аныктоо боюнча адис Айгерим Жамшитова жүрөк ооруларын эрте аныктоонун жолдору, алардын негизги түрлөрү жана алдын алуу чаралары тууралуу кеңири маалымат берди.