Америка Ирандын жаңы лидерин "аныктап койгонун" ЖМКлар жазуудаКоопсуздук кеңешинин катчысы РФ элчиси менен жолукту1-апрелден тарта электр энергиясына болгон чектөөлөр алынатКоопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Россиянын элчиси Сергей Вакунов менен жолукканын президенттин маалымат кызматы кабарлады. Тараптар коопсуздук жаатында дүйнөдөгү абал боюнча пикир алмашып, Кыргызстан менен Россиянын кызматташуу маселелерин талкуулашкан. Орозбеков менен Вакунов эки өлкө ортосундагы азыркы мамиле Кыргызстандын да, Россиянын да кызыкчылыгына төп келерин белгилеп, мындан аркы өнүгүүгө, тынчтык үчүн жаралган кооптуулуктарды жоюуга шарт түзөрүн айтышты.
1-апрелден тарта эртең мененки жана кечки жогорку жүктөм сааттарында киргизилген кубаттуулук чектөөлөрү толугу менен алынат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Белгилей кетсек, электр энергиясын керектөө эң жогору болгон убакыттарда — эртең менен саат 06:00дөн 09:00гө чейин жана кечинде 18:00дөн 22:00гө чейин кубаттуулук чектөөлөрү киргизилген эле. Ага ылайык, 1 фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 5 кВттан 3 кВтка чейин, 3 фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 8 кВттан 5 кВтка чейин төмөндөтүлгөн. "Чектөөлөр Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайышына байланыштуу жана өлкө боюнча өндүрүлгөн электр энергиясын бардык керектөөчүлөргө тең жана үзгүлтүксүз жеткирүү максатында убактылуу киргизилген",-деп айтылат маалыматта.
Эртең, 25-мартта Кыргызстан боюнча 52 стоматологиялык мекемеде балдардын тишин акысыз текшерүү жана дарылоо акциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору кабарлады. Адистер кичинекей бейтаптар үчүн төмөнкү кызматтарды акысыз сунушташат: Тиштерди алдын ала кароо жана диагноз коюу; Ооз көңдөйүнүн гигиенасын текшерүү; 6 жаштан 14 жашка чейинки балдардын туруктуу тиштеринин чуңкурчаларын толтуруу; Белгиленгендей, бул иш-чара балдар арасында кариес жана бүйлө ооруларынын алдын алуу максатында уюштурулууда.
АКШ Ирандын парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибафтын талапкерлигин өлкөнүн лидерине карап жатат. Бул туурасында Politico Ак үйдөгү сүйлөшүүдөн кабары бар кишиге таянып билдиргенин РИА Новости жазды. "Ирандын президенти аскердик басым-кысымдан баш тартып, тынчтыкка диалог менен жетүүгө баш коюп жаткандыктан Трамптын администрациясы парламенттин спикерин потенциалдуу өнөктөш жана болочоктогу лидер катары карап жатат", — деп маалыматта айтылат. Автор америкалык тараптын сүйлөшүү үчүн өнөктөш издеп жатканын жаңжалды соңуна чыгарууга жасаган аракети катары караган.
Алтын менен күмүштүн баасынын төмөндөп кетишине Иран-АКШ кармашы кандайча таасир эткенин көз карандысыз финансылык кеңешчи Юрий Азаргаев түшүндүрүп берди.Трейдерлер чатак созулуп бара жаткандыгын, ал эми мындай көрүнүш АКШны инфляцияга кабылтарын түшүнүп турат. Бул Федералдык резерв системасынын негизги пайыздык ченди азыркы деңгээлде сактоосуна түрткү берет. Ошого жараша инвесторлор алтындан долларга өтүүдө."Азыркы учурда Россиянын резерви негизинен алтын жана юандан турат, бирок экономикага олуттуу кесепетин тийгизбейт. Анткени Финансы министрлиги азыр алтынды да, валютаны да сатпай жатат", — деди эксперт.