Онлайн олимпиадалык резерв: «Тунгуч» мектеби негизиндеги жаңы даярдоо модели кантип иштейт?

Sputnik
Бүгүнкү күндө билим берүү системасында санарип технологиялардын ролу барган сайын өсүүдө. Кыргызстанда да онлайн билим берүүнү өнүктүрүү максатында ар кандай долбоорлор ишке ашырылып жатат. Алардын бири — «Тунгуч» онлайн мектеби пилоттук долбоору. Бул платформа аркылуу окуучуларга онлайн форматта сапаттуу билим берүү, олимпиадалык даярдыкты күчөтүү жана тил үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү каралууда. Биз бул долбоордун мүмкүнчүлүктөрү, максаттары жана келечектеги өнүгүүсү тууралуу маек куруп, анын билим берүү системасына тийгизген таасири жөнүндө сүйлөштүк.