Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
"Кыргызнефтегаздагы" коррупция. Кармалгандар 16-майга чейин камакка алындыБишкекте "Антикинолорго" көзөмөл күчөтүлдүАмангелдиев менен Оверчук кызматташтык маселелерин талкуулаштыМинистрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук видеоконференция форматында сүйлөшүштү. РФ өкмөтүнүн маалымат кызматы билдиргендей, тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын негизги маселелерин талкуулашкан. Алар өз ара соода жана инвестициялар туруктуу өнүгүп жатканын, ошондой эле мамилелерди мындан ары кеңейтүүгө мүмкүнчүлүктөр кеңири экенин белгилешти. Мындан тышкары, учурда Россияда каралып жаткан мыйзам демилгелерине өзгөчө көңүл бурулду. "Россия жана Кыргызстан бардык негизги багыттар боюнча кызматташтыктын туруктуу өнүгүшүн көрсөтүүдө. Биздин милдет — элдерибиздин кызыкчылыгы үчүн өз ара сооданын, инвестициялардын жана кооперациянын мындан аркы өсүшүн камсыз кылуу", — деп белгиледи Оверчук. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ЕАЭБ алкагындагы биргелешкен иштин артыкчылыктуу багыттары да каралды.
Биринчи май райондук соту "Кыргызнефтегаздагы" коррупциялык иштер боюнча кармалгандарга карата чечим кабыл алды. Бул тууралуу соттон билдиришти. Маалыматка ылайык, отурумдун жүрүшүндө жогорудагы коррупциялык иш боюнча ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын улук тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды. Натыйжада буга чейин кармалган 1983-жылы туулган "Кыргызнефтегаз" ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы, 1980-жылы туулган "Кыргызнефтегаз" ААК башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары, 1988-жылы туулган жана 1990-жылы туулган тиешеси бар компаниянын мурдагы директорлору 16-майга чейин камакка алынды. Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемаларын уюштурууга байланыштуу иликтөө материалдарынын негизинде "Кыргызнефтегаз" ААКтагы коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Борбор калаадагы "Антикинолордо" мыйзам бузуулар аныкталганын Бишкек ШИИББи маалымдады. Шаардык милиция 20-21-март күндөрү "Антикино" катары иш алып барган жайларга рейд жүргүзгөн. Ага мындай жайларда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн өз алдынча көзөмөлсүз жабык кабиналарда жалгыз калуусуна шарт түзүлүп жатканы, ошондой эле келүүчүлөрдүн жашын тиешелүү түрдө текшербестен чоңдорго арналган интернет-контентке чектөөсүз жеткиликтүүлүк берилип жатканы тууралуу маалымат негиз болгон. Рейддин жүрүшүндө шаар аймагындагы ондогон объектилер текшерилди. Мындай жайлардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана токтотуу боюнча иштер улантылары кошумчаланды.
Милицияга кайрылгандар 17-мартта Аламедин-1 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунан белгисиз адамдар К.Н. аттуу уулун унаага салып, алып кетишкенин айткан. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 19, 17 жана 20 жаштагы эки бала кармалган. Алар жабырлануучуну мурдагы карызын өндүрүү максатында уурдап кетишкени аныкталган. Учурда үч шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бирөө тил кат менен чыгарылды.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя азыркы украин бийлиги тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кызыкдар эместигин уюмдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты. "Киев бийлигинин адамдардын азабын азайтуу үчүн тынчтыкты орното турган сүйлөшүүлөргө, ал тургай кадимки эле гуманитардык кадамдарды таштоого кызыкдар эместиги даана байкала баштады", — деди ал.Россиянын атайын операцияда жана сүйлөшүүлөрдө коюлган максаттарга дипломатия жолу менен жетсек деген ою бар экенин кошумчалады.