Кыргызстандагы жеке пенсиялар: топтомолорду инвестициялоо эрежелери кандайча өзгөрөт?

Sputnik
Пенсиялык топтомо фонддорду жөнгө салуу системасында өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Министрлер кабинети пенсиялык каражаттарды инвестициялоо эрежелерин жаңыртып, депозитарийлерге талаптарды жана башкаруучу компанияларды тандоо тартибин өзгөртүүнү сунуштап жатат. Бул демилге 2022-жылы кабыл алынган «Келечек булагы» туруктуу пенсиялык системаны өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун алкагында каралууда. Бул реформанын максаты, күтүлгөн жыйынтыктары жана анын жарандар үчүн мааниси тууралуу кеп кылдык.