БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстанда жолдо жаңжалдашкан айдоочуларга айып пул салуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Бактияр Калпаев демилгелеген мыйзам долбоору 19-мартта коомдук талкууга коюлду.
Документке ылайык, Укук бузуулар кодексине толуктоо киргизилет. Анда жолдо мушташкан же агрессивдүү аракеттерди жасаган айдоочуларга 10 миң сом айып салуу каралууда. Эгер бир жыл ичинде кайра кайталанса, айдоочулук укугунан жарым жылга ажыратылат.
Демилгечи бул мыйзам долбоору жол кыймылы коопсуздугун жогорулатуу жана айдоочулардын жүрүм-турум маданиятын жакшыртуу максатында иштелип чыкканын белгилеген.